Ысык-Көлдө жолдошу тарабынан келиндин сабалгандагы видеосу тарады. Келин арыз жазуудан баш тартты

Кечээ, 21-августта социалдык тармактарда Ысык-Көлдө күйөөсү аялын сабап салганы тууралуу видео тараган.

Окуянын күбөсү келинди жолдошу балдарынын көзүнчө сабаганын, келин эс-учун жоготуп жерге жатып калганын айткан. Окуя Сары-Ой айылындагы «Радуга» эс алуу борборунда болгон.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, видео боюнча териштирүү башталган. Териштирүү учурунда келин арыз жазуудан баш тарткан. Окуя боюнча милицияга арыз түшкөн эмес.