Ысык-Көлдө жолдун ортосуна отуруп алган карыяны унаа сүзүп кетти

Ысык-Көл облусунда эркек кишини унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ысык-Көл облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя саат 19:00 чамасында Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында болгон. Шапак айылынын 72 жаштагы тургуну мас абалда жолдун ортосуна отуруп алган. Аны Хендай унаасы сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция кызматкерлери унаанын айдоочусун кармашты. Анын Шахта-Жыргалаң айылынын 36 жаштагы жашоочусу экени белгилүү болду.