Ысык-Көлдө Жууку ашуусундагы мөңгү ээрип кулап түштү

Бүгүн, 10-июль күнү Жети-Өгүз районуна караштуу сырт өрөөнүнүн Жууку ашуусунда мөңгү ээрип кулады деген маалыматты тактоо иретинде түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ал жерге Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер жана Жайыт комитети, ыкчам топ чыгып, координациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишти. Болжол менен жерине чейин 100 чакырымды түзөт. Маалымат кошумча берилет.