Ысык-Көлдө калың кардан улам ашууда калып калган чабандар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-октябрь күнү саат 17:15 чамасында Тоң ашуусундагы катуу жааган кардан 4 чабан 500 жылкы жана 400дөй топозу менен өтө албай калган. Алар жардам сурап, Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан. Ал жерге 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылып, чабандарды алып түшүштү.