Ысык-Көлдө калың кардын кесепетинен өлгөн малдын саны такталууда

30-майдын түнүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-76-чакырымында ар жеринен кар көчкүлөр түшкөн. Көчкүнүн жалпы көлөмү 80 миң метр кубду түзүп, ошол эле күнү жол тазаланып, бир тараптуу ачылган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн чечими менен 30-майдан 2-июнуна чейин 38-112-чакырымдарында убактылуу жол жабылып, посттор уюштурулган. Ал эми тазаланган жолго 31-майда кар тынбай жаап 89-92-чакырымдарынын ортосунда кайрадан кар кѳчкү түшүп, жол жабылып калган.
Бүгүн, 2-июнда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилигинде ыкчам топ, кырдаал менен жеринде таанышууга чыгып кетишти. КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааларга 1000 түк чөп жүктөлүп, Эңилчек айылына чыгып кетишкен. Жардам берүүгө жалпысынан 10 автоунаа, техника да кетти. Анын ичинде бульдозер, экскаватор, оор жүк жүктөөчү автоунаалар бар. Учурда калың кардын кесепетинен өлгөн малдын саны такталууда.