Кечээ, 24-октябрда ӨКМ маалымат таратып, Кырчын тилкесинде ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан КамАЗ сайга кулап бир адам көз жумганын билдирген эле. Андан тышкары 4 эркек кишинин жараат алып, ооруканага жеткирилгени маалым болгон.
Ооруканада дагы бир адам көз жумду. Ал Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну болчу. Экөө тең жүргүнчү, бири 2002-жылы туулган, экинчиси 1980-жылы туулган жарандар.