Ысык-Көлдө Камчы Көлбаевдин 115 гектар жери мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кыргыз жараны 2022-жылдын март айында “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен 115 гектар жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский айыл аймагынан 80 гектар жана Семеновский айыл аймагынан 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган.

Ошол эле учурда ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, аларды багуу үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.

Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын жери мамлекетке кайтарылып берилди.