Ысык-Көлдө Камчы Көлбаевдин тобуна тиешеси барлардын үйүндө тинтүү жүрдү

Ысык-Көл облусунун аймагында 15-октябрда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар төмөнкү адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тинтүү иштери төмөндөгү адамдардын үйүндө жүргүзүлгөн: 24.05.1976-жылы туулган О.А.К., 11.05.1995-жылы туулган И.Б.Т., 20.08.1996-жылы туулган Э.Э.Э., 19.09.1963-жылы туулган К.Н.А., 21.07.1986-жылы туулган Т.у.К., 14.07.1970-жылы туулган Ж.Т.К., 15.08.1976-жылы туулган М.М.И., 24.10.1976-жылы туулган С.Т.К., 01.09.1971-жылы туулган К.Р.К., 05.04.1956-жылы туулган А.К.Ш. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча ички саясий багытын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында, анын идеологиясын жана финансылык жана материалдык негиздерин андан ары натыйжалуу демонтаждоо катары УКМК, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте кылмыш иши тергелүүдө.