Ысык-Көлдө кат таштап, асынган абалда табылган жигит. Шектүүнүн апасы эмне дейт?

2023-жылдын 16-декабрында Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын 20 жаштагы тургуну асынган абалда табылган. Кечээ, 12-февралда маалымат беришип, шектүү катары 26 жаштагы жигит кармалганын билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон 20 жаштагы жигит — Байэль Рысалиевдин апасы Айнура Жапарова менен байланышып, уулу асынган жерден кат табылганын билдик. Ал эксптертизанын жыйынтыгы чыга электигин айтты. «Кечээ, 12-февралда шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды», — деди ал. Уулу үйдөгү бир туугандардын экинчиси болгон.

Ысык-Көл ОИИбден билдиришкендей, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кылмышка шектүү катары кармалып, камакта калтырылган 26 жаштагы шектүүнүн апасы Жаркын Дюшебаева менен байланышканыбызда, ал уулунун күнөөсүз экенине ишенерин айтты. «Эч кандай далил жок. Менин уулум Юридикалык академияда окуп, магистратураны да ошол жерден бүткөн. Айылда соода-сатык менен алектенчү. Бойдок, 3 жылдан бери ыйман жолунда жүрөт. Айылдагы жаштар менен иштешип, айылдагы балдарды туура жолго үндөшөт. Асынып алган жигит каза болорго 2 күн калганда жолугуп, уулум аны ыйманга чакырган экен», — деди апасы.