Ысык-Көлдө катталган жол кырсыкта 3 адам көз жумду (видео)

Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда кырсык болгон жерден видео тараган. Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 27-мартта саат 12:50 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болгон. Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Даймлер-Крайслер D312 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен кызматтык унаадагы үч адам: айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Жабыркагандардын саны такталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.