Ысык-Көлдө казакстандыкты велосипеди менен кошо сүзүп кеткен. Ал окуя болгон жерде көз жумду (видео)

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Комсомол айылында болгон жол кырсыгы боюнча маалымат берди.

Бүгүн, 16-июлда социалдык тармактарда Лексус-330 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед айдап бараткан жаранды сүзгөн видео тарады. Милициядан билдиришкендей, саат 07:40 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына телефон аркылуу Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган тергөө тобу, Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну Лексус-330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Григорьевка айылынын 40 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык велосипедчен 58 жаштагы жаранды сүзгөн.  Жол кырсыктан улам, казахстандык жаран окуя болгон жерден каза тапкан.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, чогулган материалдар Тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалган жана айдоочулар алкоголдук ичимдиктерди ичкендигин же ичпегендигин тастыктоо үчүн медициналык күбөлүндүрүүдөн өткөрүлүүдө.