Ысык-Көл районунун Комсомол айылында «Альбатрос» кемесинин кыймылдаткыч бөлүгүнөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө Ысык-Көл райондук №35 ӨКБдан 1 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Бөлүм жеткенге чейин өз алдынча өрттү өчүрүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Кемедеги жүргүнчүлөр жергиликтүү пансионаттын кызматкерлери тарабынан эвакуацияланган. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.