Ысык-Көлдө киши колдуу болгон 39 жаштагы кишинин окуясы. Анын өлүмүнө эски таарыныч себеп болгон

Киши өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

3-июнь күнү Түп РИИБдин нөөмөт кызматына кабар түшүп, анда Кудургу айылынын түштүк тарабынада жайгашкан эски тегирмендин жанында белгисиз эркек кишинин кан болгон денеси табылганы билдирилген. Аталган факты Түп РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге келген милициянын тергөө-ыкчам тобу сырткы кароо жүргүзүү учурунда, өлгөн адамдын денесиндеги издер, киши колдуу болгондугу аныкталган. Көп узабай, жабыркаган адамдын аты-жөнү да такталган. Ал ушул эле айылдын 39 жаштагы тургуну болуп чыккан. Өлүм эмненин негизинде болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайыдалган жана кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды колго түшүрүү боюнча тийиштүү издөө издери башталган. ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Түп РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка негизги шектүү болгон 36 жаштагы Кудургу айылынын тургуну качып, жашынып жүргөн жерин аныкташып, аны Бишкек шаарынан колго түшүрүштү. Алдын-ала сурак учурунда, ал кылмыштын жасалышына каза болгон жаранга болгон эски таарынычы себеп болгонун көрсөткөн. Мындан тышкары, Түп районунун Күрмөнтү айылынан, аталган кылмышка катыштыгы бар Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалып, өзүнүн көрсөтмөсүндө, ошол күнү каза болгон жаранды шектүү менен жолугушуу үчүн, Кудургу айылынын эски тегирменинин жанында чакырып чыккандыгын көрсөткөн.

Райондук соттун чечими менен кармалган шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.