Ысык-Көлдө көлдүн жээгиндеги кумду башка жакка ташыган кишиге териштирүү иштери башталды

Ысык-Көлдө экологиялык милиция жерди бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Рейдде туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүздө жер бузуунун 3 фактысын аныкташкан.

Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын 68 жаштагы тургуну тиешелүү уруксат кагаздары жок, Тосор айылына жакын жайгашкан «Руха» пансионатынын пляжынан башка жакка кумду ташып кеткен. Ошондой эле, Тосор менен Тамга айылдарынын ортосундагы болжол менен 5 сотых жерде жер кыртышын бузуп, казып салган. Мындан тышкары, Тосор айылына жакын жайгашкан «Тихая-Бухта» участкасынын жанындагы көл жээгинде пляж уюштуруу үчүн бак-дарактарды, камыштарды атайын техника менен сүрдүрүп, андан кийин аталган жерге кумду ташып келген.

Аталган фактылар Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Алардын корутундусуна ылайык, эки факты боюнча 7 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген. Ал эми, үчүнчү факты боюнча материалдык чыгым аныкталууда. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.