Ысык-Көлдө «Куба» кармалды. Анын үйүндө 11 килограмм баңгизат болгон

Ысык-Көл районунун жашоочусунун үйүндө 11 килограмм марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ысык-Көл районунун аймагында “Куба” аттуу жаран баӊги затын ири өлчөмдө чогултуп, аларды сатуу максатында сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Анын 1977-жылы туулган Ысык-Көл районунун тургуну экендиги аныкталды. Анын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктап, жоопко тартуу максатында Кылмыш жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жашаган дарегинде тергөө амалдарын жүргүзүүдө үйдүн ичинен жатуучу бөлмөдөн бир даана капка жана 1 даана кара түстөгү баштыкка салынган өзгөчө жыты бар зат алынып, экспертизанын корутундусуна ылайык, салмагы 11 килограмм 95 граммды түзгөн марихуана жана анын чаӊын түшүрүү үчүн дайындалган чүпүрөк-торчо табылган.