Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен 19-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды.
Табылган курал-жарактар:
— 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
— 3 даана кол түтүн гранаталары;
— 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;
— 1 даана сигналдык патрон;
— 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
— 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
— 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.