Ысык-Көлдө күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, бүгүн, 17-октябрда таңкы саат 04:23тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2,5 баллга (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.