Ысык-Көлдө кыйып жаткан карагай басып калып, бир адам каза болду

Ак-Суу районунда жайгашкан Жыргалаң шахтасында кечээ, 22-декабрь күнү карагай кыйып жаткан учурда 1986-жылы туулган жаранды карагай басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык катталган жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин карагайдын алдынан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.