Ысык-Көлдө кыз ала качууга аракет кылган жигиттер кармалды

Ысык-Көлдө кыз ала качууга аракет кылган жигиттер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-ноябрда Ысык-Көл ОИИБге бир нече жигиттин кызды унаага салып, белгисиз тарапка кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жол тескөөчүлөр унаанын изине түшүп, Балыкчы шаарынан Тойота Виш унаасын токтотушкан. Унааны 1996-жылы туулган жигит башкарып бара жаткан жана бир нече жигит болгон. Алардын Ак-Суу районунун тургундары экендиги аныкталган.

Алар жаш кызды мажбурлап никеге туруу максатында Ак-Суу районун көздөй бет алышкан. Унаа жана кармалгандар Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул факты катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.