Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер Бишкектеги ооруканага алып келинди

Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер Бишкектеги ооруканага алып келинди.
Буга чейин айтылгандай, Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен милициянын кайгуул кызматкери аман-эсен ИИМдин кызматкерлеринин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканасына алынып келинди.

Кырсыкка кабылган кызматкер Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кызматтык иш сапар менен барып, кызмат өтөө учурунда (жол тыгынын жөнгө салып жатканда) Мереседес-Бенц үлгүсүндөгү авто унаа сүзгөн. Ооруканага ошол замат жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалган.