Ысык-Көлдө май куюучу жайды карактоого шектелип, изделип жаткан жигит кармалды

Ысык-Көлдө май куюучу жайды карактоого шектелип, изделип жаткан үчүнчү жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 16-декабрда саат 04:25 чамасында Жети-Өгүз районунун Саруу айылында каракчылык кылмышты жасоого шектелген үчүнчү жаран кармалды. Маалыматка караганда, 26 жаштагы жаран Бишкек шаарынан кармалган.

Мындан эки күн мурда Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелген жарандар кармалган. Белгисиз үч жигит ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан миң сом карактап кеткен. Кылмышка шектелип, 2 жаран кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланган болчу.