Ысык-Көлдө мал уурдоого шектелип 3 жигит кармалды

Ысык-Көлдө мал уурулук менен алектенүүгө шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айынын орто ченинде Түп РИИБге Чоң-Тогузбай айылынын  эки тургуну кайрылып, айылдын четине 10 баш жылкысын аркандап койсо, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.

Аталган факт Түп РИИБге катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш ишине алынган.

Жакында, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмашка шектүү үч жаран кармалган. Алар, 22-жаштагы Жети-Өгүз  районунун Саруу айылынын тургуну, Түп районунун Чоӊ-Тогузбай айылынын тургуну жана Балыкчы шаарынын 21-жаштагы тургуну болуп чыгышты жана алгачкы суракта, өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.

Кылмышка шектүү катары кармалышкандар сот тарабынан баш коргоочарасы кабыл алынганча Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдардын башка мал уурулук фактыларына тиешеси бар, же жоктугу боюнча тергөө амалдары уланууда.