Ысык-Көлдө милиция мыйзамсыз сакталган 15 курал-жаракты аныктады

«Арсенал» операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көлдө 15 курал-жарак алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

5-18-февраль аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында курал-жарактарды, жардыргыч заттарды жана жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо жана курал колдонуу менен кылмыштарды болтурбоого багытталган “Арсенал” операциясы болуп өттү. Аталган иш-чаранын алкагында миңден ашык ышкыбоз мергенчилер жана 148 газ-травматикалык куралдын ээлери текшерүүдөн өткөрүлдү. Ок атуучу куралдар сакталган лицензиялык системанын 21 объектиси текшерилди. Мурда жасалган 20 кылмыштын бети ачылды.

Милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 ок атуучу куралдар алынды. Жалпысынан 89 протокол түзүлүп, анын ичинен 63 учуру ок атуучу куралдарды сактоо шарттарын бузуу, 23 учуру каттоо мөөнөтүнүн эрежесин бузуу болуп саналат. Бул фактылар боюнча жалпысынан 78 миң сом айып салынып, анын 42 миӊ сому өндүрүлдү.