Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап жүргөндөр аныкталып, кылмыш иши козголду

Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында үзгүлтүксүз жүргүзүп келген рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жана текшерүү учурунда кармалган браконьерлерден 1 үйлөмө кайык, 88 чабак, 12 форель, 6 судак жана 28 сига балыктары табылган. Аталган фактылар Түп районун Кудургу айылынын аймагындагы көл булуңунда, Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө, Тамга жана Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылдарынын көл жээктеринен  аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.