Ысык-Көлдө окуучулар мушташып, эки өспүрүм ооруканага кайрылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда окуучулар мушташып, эки өспүрүм ооруканага кайрылды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Мушташ 31-декабрда орун алып, жабыркаган эки окуучу бейтапканага эртеси, 1-январда кайрылышкан. Алар медициналык жардам алган соң, кайра үйүнө кетишкен. Териштирүү учурунда Тепке айылынын эки жашы жете элек тургуну сууга барып, коңшу Курбу айылындагы теңтуштары менен мушташа кетишкени аныкталган. Жабыркаган окуучулар кол салган балдардын үстүнөн арыз жазуудан баш тартышты. Учурда райондук милиция башкармалыгы жана акимчилик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми жабыркаган балдардын биринин апасы «Азаттыкка» 9-класста окуган уулунун мээси чайкалып, ооруканада жатканын айткан. Жабыркаган тарап ур-токмокко алган балдарды аныктап, мыйзам чегинде жазага тартышын талап кылышууда.