Ысык-Көлдө ооруканада каза болгон 61 жаштагы кишинин уу коргошун ичкени айтылууда

6-майда саат болжол менен 23:40 чамасында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 61 жаштагы тургуну оор абалда аймактык ооруканага түшкөн. Бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маркумдун жакындары милицияга ал оорусуна байланыштуу уу коргошун ичип жүргөнүн айтып беришкен. Аталган факты Ысык-Көл райондук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин бул окуяга юридикалык баа берилет.