Буга чейин «Сезим» кризистик борбору Ысык-Көлдүн Бостери айылында аялын сабап өлтүрүүгө шектүү жаран сот залынан бошогонун айтып, нааразычылыгын билдирген.
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл облустук сотуна кайрылдык. Алар бул маалыматты тастыктап, төмөндөгүдөй маалымат берди.
«Ысык-Көл райондук сотунун 2023-жылдын 26-майындагы өкүмү менен шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (аффект абалында ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча күнөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Жаза өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 10-майынан баштап эсептелинген. Конституциялык сотунун 2023-жылдагы чечиминин негизинде өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин алдын ала камакта кармалган ар бир күнү эркиндигинен ажыратылган 2 күнгө барабар деп эсептелинген жана ал жазасын өтөгөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына 100 000 сом моралдык залал компенсацияланган. Шектүүнүн бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, токтоосуз сот залынан камактан бошотулган»,- дешти.
- 10-май күнү милицияга райондук-аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1978-жылы туулган Бостери айылынын тургуну денесинен алган жаракаттары менен оор абалда түшкөнү маалымдалган. Реаниматологдун маалымытына ылайык, аялдын баш мээсине оор жаракат кеткендигинен, кома абалына түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 50 жаштагы жогорудагы аялдын күйөөсү Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүүнү суракка алууда 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, дене жаракаттарын келтирип, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон. Эртеси, 10-май күнү таңкы саат 6:00дө 2002-жылы туулган уулу үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготкон абалында таап, Тез жардам чакырган. 11-май күнү аял эсине келбестен каза болгон.