Ысык-Көлдө ооруканада көз жумган 44 жаштагы аял. Соттон жолдошунун бошотулушу боюнча үн катышты

Буга чейин «Сезим» кризистик борбору Ысык-Көлдүн Бостери айылында аялын сабап өлтүрүүгө шектүү жаран сот залынан бошогонун айтып, нааразычылыгын билдирген.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл облустук сотуна кайрылдык. Алар бул маалыматты тастыктап, төмөндөгүдөй маалымат берди.

«Ысык-Көл райондук сотунун 2023-жылдын 26-майындагы өкүмү менен шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (аффект абалында ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча күнөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Жаза өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 10-майынан баштап эсептелинген. Конституциялык сотунун 2023-жылдагы чечиминин негизинде өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин алдын ала камакта кармалган ар бир күнү эркиндигинен ажыратылган 2 күнгө барабар деп эсептелинген жана ал жазасын өтөгөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына 100 000 сом моралдык залал компенсацияланган. Шектүүнүн бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, токтоосуз сот залынан камактан бошотулган»,- дешти.