Ысык-Көлдө өрттөнгөн кампадагы 5 тонна картошка жарабай калды (сүрөт)

Кечээ, 21-декабрда ӨКМ маалымат таратып, Ысык-Көлдө кампадан өрт чыкканын, өчүрүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Кырсыктын кесепетинен кампанын 250 чарчы метри, 200 түк саман өрттөнүп, 5000 килограмм картошка жараксыз абалга келген.