Ысык-Көлдө Рыспек Акматбаевдин ата-энесин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында маркум Рыспек Акматбаевдин ата-энесин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Жубайлар эки уулду — Рыспек менен Тынычбек Акматбаевдерди тарбиялап, чоңойтушкан. Ал эми кызы Казакстанда жашайт.

Кечээ, 4-октябрда Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталган. Анда Чолпон-Атадан Балыкчыны көздөй бара жаткан унаанын айдоочусу кайрылышта рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Унааны 1937-жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Жанында жубайы болгон.