Ысык-Көлдө сел жүрүп, эс алуучулар коопсуз жайга көчүрүлдү

Кечээ, 5-июлда саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылындагы «Нептун» пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 15 куткаруучу 2 мотопомпа менен, РИИБден 10 кызматкер, жергиликтүү башкаруу органдарынан 30 кызматкер жана 2 экскаватор менен 3 жүктөгүч, ошондой эле жергиликтүү тургундардан 50 адам 2 мотопомпа менен тартылып, аталган пансионатта эс алып жаткан 145 адамды убактылуу коопсуз жайга көчүрүшкөн. Тартылган күч жана каражаттардын жардамы менен каналдын жээктери бекемделип, нугу сел калдыктарынан тазаланган. Ошондой эле Корумду айылындагы суу кирген 5 турак үйдүн анын ичинен 3 турак үйдүн жана 1 дүкөндүн жер төлөсүнө кирген суу сордурулуп берилген. Коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандар кайрадан «Нептун» пансионатына жайгаштырылып, иш-чара толук аяктаган.