Ысык-Көлдө шаар куруу жана архитектура башчысы опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Ысык-Көлдө облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы мурда алган парасын кайтарып берип жатып кармалган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын башчысы М.К. тарабынан Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду пара берүүгө мажбурлаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 3-февралда мурда алынган параны кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.