Ысык-Көлдө жылкы уурдаганга шектүү Бишкекте жашынып жүргөн жеринен кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун айылдашынын жылкысын уурдап, кийин Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Февраль айынын башында Жети-Өгүз РИИБге Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө белгисиз адамдар 1-февралга караган түнү үйдүн короосунан жылкысын уурдап кетишкенин билдирген. Материалдык зыян 70 миң сомду түзгөн. Аталган арыз боюнча кылмыш иши козголгон. Уурдалган мал Жети-Өгүз районунун тургундарынын биринен табылган. Анын айтымында, ал жылкыны белгисиз бир жарандан сатып алган. Уурдалган жылкы малдын ээсине кайтарып берилген.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө үй жандыктарын уурдоого шектүүнүн ким экендиги аныкталган. Ал Барскоон айылынын 45 жаштагы тургуну болуп чыккан. Айылдаштарынын айтымы боюнча, кылмышка шектүү жаран көп убакыттан бери үйүндө жашабай жүргөндүгү маалым болду. Кылмышка шектүү жаранды кармоо максатында, райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан издөө иши жарыяланган.

Жакында Жети-Өгүз РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан изделип жаткан жарандын жүргөн жери Бишкек шаарында аныкталып, колго түшүрүлгөндөн кийин, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.