Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткенин бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок иштебейт. Эң башкысы бала аман болсо экен», — деп жазылат анын соцтармактагы баракчасында.

Буга чейин Ысык-Көлдө скутерлерди колдонууга жарым-жартылай тыюу салынган. Аталган мыйзамды депутат Эльдар Сулайманов демилгелеп чыккан.