Ысык-Көлдө сот аткаруучулар мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен

Прокурордук текшерүүдө Ысык-Көл районунда сот аткаруучулар тарабынан 1 миллион 173 миң 634 сом акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн айрым жооптуу кызматкерлери соттун чечими боюнча аталган райондун Кара-Ой айылында жайгашкан пансионаттардын биринин мүлкүн сатышкандан кийин, сатылган мүлктөн мамлекетке чегерилүүчү 10 пайыздык сумманы өздөрүнө «сиңирип» алышкан. Келтирилген прокурордук актынын негизинде зыян толугу менен ордуна коюлду. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.