Ысык-Көлдө таң эрте 3 эркек, 1 аял киши жан берди (сүрөт)

Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта 4 киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ысык-Көл районун басып өткөн Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда болгон. Анда Volvо менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Таңкы саат 5:55те болгон кырсыктын кесепетинен 4 адам тактап айтканда, 3 эркек жана 1 аял каза болгон. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.