Ысык-Көлдө мылтык кезеп, май куюучу жайды тоноп кеткен делген жигиттер кармалды

Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 14-декабрда Жети-Өгүз РИИБге Саруу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз үч жигит ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткендигин айткан. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобунун милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, 14-декабрь күнү саат 03:30 чамасында белгисиз 3 жигит ок атуучу курал менен май куюучу жайдын терезеси аркылуу операторду коркутушуп, акча талап кылышканын, оператор кассада болгону 1000 сом акча бар экенин айтканда, алар ошол акча каражатын алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин аныкташкан.

Көрүлгөн иштин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 28 жана 16 жаштагы жарандар кармалды. Ал эми үчүнчү шектүүгө издөөгө жарыяланды. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.