Ысык-Көлдө токтоп турган Спринтерди жеңил унаа сүзгөн окуя. Спринтердин айдоочусу каза болду (видео)

Ысык-Көлдөгү «Солнышко» пансионатынын жанында жүргүнчүнү түшүрүп жатып жол кырсыгына кабылган айдоочу каза болду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 1976-жылы туулган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү Спринтердин айдоочусу өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бүгүн, 9-июлда ал ооруканада каза болду. Анын сөөгү Кара-Балта шаарына жеткирилип, бүгүн жерге берилери айтылган. Маркум Орусияда иштеп жүрүп, апасынын каза болгонуна байланыштуу жаз айында Кыргызстанга келген. Артында жашы жете элек 1 кызы, 2 уулу калды.

Кечээ, 8-июль күнү Ысык-Көл облусундагы «Солнышко» пансионатына токтоп, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү Спринтердин айдоочусу арткы эшигинен жүргүнчүнүн жүктөрүн түшүрүп жатканда артынан Ниссан үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Ысык-Көл ЖККББнын берген маалыматына ылайык, саат 08:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда бараткан Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип жол боюнда токтоп турган Спринтерди сүзүп алган. Кырсыктын жыйынтыгында спринтердин айдоочусу жана Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жубайы менен ооруканага жеткирилген.