Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп жаткан спортчу чөгүп кетти

Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп бара жаткан спортчу сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан.

Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз болууда. Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылды. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.

Кошумча маалымат берилет.