Ысык-Көлдө топ кыздар 2 кызды сабап жаткан видео тарады. Милиция шектүүлөр камакта экенин билдирди

Бүгүн, 17-август күнү социалдык тармактарында видео жарыяланды. Анда топ кыздар көлдүн жээгинен эки кызды сабап жаткандыгын көрүүгө болот. Ысык-Көл ОИИБ окуя боюнча маалымат берди.

Аталган окуя 3-июль күнү Бостери айылындагы «Золотые Пески» эс алуу жайынын пляжында орун алган. Бул боюнча Ысык-Көл РИИБге арыз менен Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну кайрылып, күч колдонуп Айфон-11 ПРО үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, аны жана анын курбусун эч себепсиз сабашкан белгисиз кыздарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 48 миң сомду түзгөн. Арыз катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандар аныкталып, райондук тергөө кызматына жеткирилген. Алар Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы 6 тургуну болуп чыккан. Алгачкы суракта кармалган кыздар күнөөсүн моюнуна алышкан.

Кармалган шектүү жарандарга карата райондук соттун чечими менен тергөө амалдарын өткөрүү учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Бирок тергөөдө учурунда, 3 шектүү бир нече жолу тергөөгө келүү талаптарын бузгандыктан, тергөө кызматы тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч киргизилген. Тергөөнүн өтүнүчү эске алуу менен, райондук сот тарабынан аталган жарандарга карата 1-сентябрга чейинки мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда жана шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.