Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган туристтер куткарылды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган туристтер куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Ак-Суу районундагы Шахта Жыргалаң айылына караштуу мейманканалардын биринен түшкөн маалымат боюнча, чет өлкөлүк эки жаран куткаруу кызматына муктаж экендиги айтылган. Жол кырсыгына кабылган жарандарды куткаруу үчүн 8 куткаруучу тартылып, испаниялык 36 жаштагы жубайларга жардам көрсөтүлүп, автоунаа тартып чыгарып берилди. Жабыркагандар жок.