Ысык-Көлдө түнү жол кырсыгынан үч өспүрүм каза болду

Бүгүн, 23-майга караган түнү Ысык-Көлдүн Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгынан үч өспүрүм каза болду. Балдардын 15 жашта экендиги, алардын 8-класстын окуучулары болгону айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Mercedes-Benz (Daimler Chrysler) унаасын өспүрүм айдап бара жаткан жана ал рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен автоунаа ала салып, үч бала тең мүрт кеткен. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.