Ысык-Көлдө унаа алдында калып көз жумган кыздын жакыны: «Кыздын аман калышын тилеп жатсак, шектүү үй камагына чыгып кетиптир»

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен 22 жаштагы кыз 5 күн комада жатып, 9-августта каза болгонун СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 5-августта 23:40 чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен кыз жаракат алып, ооруканада комага түшүп калган. Маркумдун жакындары сот айдоочуну үй камагына чыгарып жибергенине нааразы болушту. «Биз Кудайлап кыздын аман калышын тилеп жатсак, сот айдоочуну үй камагына чыгарып салыптыр. Алдап маалымат берип, кызды палатага которулду дешип, камактан чыгышыптыр. Акыйкаттык кайда?» — дейт жакыны. Анын айтымында, кыздын сөөгү бүгүн, 11-августта жерге берилет.

Ал арада Ысык-Көл облустук соту маалымат таратып, айдоочунун кайра камакка алынганын билдиришти. «10-августтагы токтому менен айыпталган жаранга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы катары белгиленген үй камак түрү өзгөрүлдү. Айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө, тактап айтканда, 6-октябрга чейин камак түрүнө өзгөртүлүп, камакка алынды», — дешти.