Ысык-Көлдө унаа алууну каалаган жарандар алданып калышты

Интернеттеги жарнама аркылуу алдаган алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

10-июнда милицияга  Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургунунан арыз түшкөн. Ал арызында 9-июнь күнү жарнамалык тиркемеси аркылуу Пассат үлгүсүндөгү унаа сатылганы тууралуу жарыя тапканын билдирген. Сатуучу унааны 120 миң сомго сатууга кепилдик берген, алдын ала 100 миң сомду которуу керектигин айткан. Акча которгондон кийин сатуучу телефонду өчүрүп, жоголуп кеткендигин билдирген.

Ушундай эле арыз менен 2-сентябрь күнү Ак-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну кайрылган. Ал арызында 28-август күнү Венто үлгүсүндөгү унаанын сатуучусу менен Ватсап аркылуу видео чалуу менен байланышып, 27 миң сомго алдангандыгын билдирген.

Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну кармалган. Тергөө учурунда шектүүнүн Каракол шаарынын аймагында башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, учурда дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталууда. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.