Ысык-Көлдө унаа башкарып бара жаткан жигиттин баңгизат колдонгону аныкталды

Ысык-Көлдө баңги заттарды колдонгон айдоочу аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бишкектен Ысык-Көл облусуна иш сапары менен жүргөн кайгуул кызматкерлери рейддик иш-чараларын өткөрүп жаткан учурда, Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер текшерүүдө 1995-жылы туулган айдоочу унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы, 40 миң сомдон ашуун төлөнбөгөн айып пулдары бар экендиги жана унаа башкаруу учурунда баңги заттарды колдонгондугу аныкталган. Бир эле учурда үч укук бузуу фактысы аныкталган. Кызматкерлер тарабынан текшерүү жана протокол түзүү учурунда айдоочу тарабынан баш ийбөөчүлүк көрсөтүлүп, урушууга чейин барышкан. Аягы наркология бөлүмүнөн өткөрүлүп, тийиштүү протоколдор толтурулуп, унаасы айып короо жайына токтотулду.