Ысык-Көлдө унаа оңдоочу жайда өрт чыгып, жанындагы үй, 2 жеңил унаа күйүп кетти

Кечээ, 6-сентябрда Каракол шаарындагы Набережный көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 176 чарчы метр болгон жанаша жайгашкан турак үй, Honda Odyssey, Volkswagen Bora үлгүлөрундөгү жеңил унаалар толук күйгөн. Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт саат 15:50дө чектөөгө алынып, 17:02де толук өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.