Ысык-Көлдө унаа терекке урунуп, 2 адам жаракат алды

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-майда кечки саат 21:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда RAV-4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги терекке урунган. Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы эки эркек киши оор жаракат алды. Кырсык болгон жерге 3 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган жаранды алып чыгышып, «103» кызматына өткөрүп беришкен.