Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды (сүрөт)

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, июнь айынын башында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына облустун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч колдонуу коркутуу жолу менен жеке ишкерлерден акча талап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматты тактоо максатында, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын кесипкөй жана мыкты даярдалган кызматкерлеринин ичинен биргелешкен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Кылдаттык менен жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден акча талап кылып жатышкан шектүү адамдар аныкталган. Алар ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары турушкан Бостери айылынын тургундары 27 жана 24 жаштагы жигиттер болуп чыгышкан. Андан кийинки тергөө-ычам иштеринин жүрүшүндө, шектүүлөр мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрүшкөнү аныкталган. Аталган факты Ысык-Көл ОИИБге катталып, Жазык кодексинин 268-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы Жазык-процесстик кодексинин 205 (тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби) жана 206 (жеке тинтүү) беренелеринин негизинде  кылмышка шектүүлөргө карата санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынган.

11-июль күнү шектүүлөр Инфинити автоунаасы менен бара жатышканда, Бостери айылынын көчөлөрүнүн биринде милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Кароо жүргүзүү учурунда, кийип жүргөн кийимдеринин чөнтөктөрүнөн жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган. Мындан тышкары, автоунаанын ичинен 16-калибрдеги колго жасалган кесилген ок атуучу курал да табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук химиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Ысык-Көл ОИИБи кылмышка шектүү делген адамдардын аракеттеринен жапа чеккендерди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына билдирүүнү өтүнөт.