Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган 24 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришет.

«Сентябрь айында Ысык-Көл РИИБине 36 жаштагы жаран кайрылып, март айында өзүн Замир деп тааныштырган белгисиз адам Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын ага саткан. Кийинчерээк аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырлануучуга материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Учурда кылмышка шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди«, — деп жазылат билдирүүдө.