Балыкчы шаарында уурулукка шектүүлөр, анын ичинде «Веселый» каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
23-августта Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Балыкчы шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ошол эле күнү саат 22:56 чамасында Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан соода борборунун алдынан токтотуп койгон жүк ташуучу Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын эшигин ачып кирип, ичинен кара түстөгү барсеткасын уурдап кеткендигин билдирген.
Барсетканын ичинде 20 миң сом акчасы, жеке документтери, унаанын документтери, үйүнүн ачкычы жана банктык карталары болгон. Аталган факты Балыкчы ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. 24-августта Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Токмок шаарынын тургуну, “Веселый” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү, Балыкчы шаарынын тургуну кармалган.